Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл өкмөтү

Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн тарыхы

Ала-Тоо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жалпы маалыматы

Ала-Тоо айыл аймагында 10дон ашуун ар кандай улуттан турган адамдар жашайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгынын негизинде Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак жана Ак-Таш айыл өкмөттөрү бириктирилип, Ала-Тоо айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп 2024-жылдын 18-мартынан баштап түзүлгөн.

Чыгышынан Жоош айыл аймагынан, түндүгүнөн Кара-Суу шаарынан, түштүгүнөн Манас айыл аймагы, батышынан Өзбекстан Республикасынын Коргон-Төбө районунун Бирлашкан айылы менен чектешет.

Ак-Таш айыл аймагы 1961-жылы январь айында “Коммунизм” колхозу  болуп түзүлүп, Кыргызстан Республикасы эгемендүүлүк алгандан кийин, 1994-жылы Ак-Таш айыл өкмөтү болуп аталышы өзгөргөн.

Кашкар-Кыштак айыл аймагы 1958-жылы “Карл-Маркс” колхозу  болуп түзүлүп, 1993-жылдын 2-февралынан баштып, Т.Юнусов атындагы комитет болуп түзүлгөн. Кыргызстан Республикасы эгемендүүлүк алгандан кийин, 1996-жылы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү болуп аталышы өзгөргөн.

Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы Барак айылы
Өзбекстан Республикасынын аймагында калып калган эксклав болуп келген.
2024-жылдын 4-8-март күндөрү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу комиссияларынын жолугушуусу болуп, протоколго кол коюлган. Жогорудагы протоколго ылайык 2024-жылдын 15-апрелине чейин Өзбекстан Республикасы тарабынан инженердик-техникалык курулмаларын демонтаждоо, ал эми Кыргыз Республикасы тарабынан Барак айылынан өз жарандарын көчүрүп чыгаруу иштери жүргүзүлгөн. Барак эксклавынын тургундарын көчүрүп чыгаруу жана аларга турак-жай куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жана аларга инфраструктуралык шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылыдын 1-апрелинде №117 тескемеси кабыл алынган. Тескеменин негизинде Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик шааркуруу жана долбоорлоо институту тарабынан жалпы аянты 38,0 га жер тилкесине калктуу конуштун №201-01/2024 шифрлүү Башкы планы иштелип чыккан. 75,0 га үлүш жерлери дыйкандарга бөлүнүп берилди. 95 га кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери.  Жалпы 208 га жер тилкеси Өзбекстан Республикасы менен алмаштырылды.

Ала-Тоо  айыл өкмөттүн карамагына кирген калктуу конуштардын саны 12, калктын саны  48 834  адам.

Айылдардын аталышыКалктын саны
1Кашкар-Кыштак22266
2Мөнөк5253
3Андижан-Махалла557
4Таджик-Махалла763
5Кенжекул2443
6Джар-Ооз2443
7Алгабас929
8Бак-Джар1000
9Кайрагач1236
10Жылкелди5167
11Ак-Таш5172
12Барак990

Административдик-географиялык жайгашуусу: Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык 2,0 км., жакынкы аэропортко чейинки аралык 5,0 км., дениз денгээлинен бийиктиги 800 метр, райондун борборуна чейинки аралык 15,0 км., Ала-Тоо айыл аймагынын жалпы аянты 24430,6 га.

Ала-Тоо айыл аймагында мектепке чейинки мекемелердин саны 15, жалпы билим берүүчү мектептеринин саны 10, медициналык мекемелердин саны 15, маданият мекемелеринин саны 11, музей 1.

Scroll to Top